• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кабулдагы жардырууга жоопкерчиликти ИМ тобу алды

Дүйнө 0


Бишкек, 3-май /Кабар/. “Ислам мамлекети” террористтик тобу Афганистандын борборундагы НАТОнун миссиясынын конвойуна кол салууга жоопкерчиликти алды. Бул тууралуу Рейтерге таянып РИА Новости билдирди.

Буга чейин ЖМКлар шаршемби күнү эртең менен Афганистандын борборунда АКШ элчилигине жана НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясы жайгашкан жерге жакын катуу жардыруу болгондугун билдиришкен. Афганистан ИИМи кеминде 8 жергиликтүү жашоочу курман болуп, 25и жабыркагандыгын ырастады. Күбөлөрдүн жана чиновниктердин айтымында, жардыруунун максаты НАТО коалициясынын унаасы болгон. Айрым маалыматтар боюнча, жардырууну жанкечти-террорчу чет элдик күчтөрдүн конвойу өтүп бара жатканда ишке ашырган.

НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясы алардын зооттолгон конвойу Кабулда жанкечти-террорчунун кол салуусуна туш болгонун ырастап, альянстын 3 аскер кызматкеринин жарадар болгондугун билдирген.

Афганистанда НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясы2015-жылдын 1-январынан тарта жайгашкан. НАТО менен Афганистандын ортосундагы эки жактуу келишим боюнча өлкөдө 12 миң аскер кызматкери бар. Алардын милдети афган күч түзүмдөрүн окутуу жана кеңеш берүү болуп саналат. Миссия согуштук эмес катары жарыяланган.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий