• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Качан суук болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 4-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жана өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

31-январда жана1-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 2-февралда күндүз жана 3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ал эми 4-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 5-февралда күпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий