• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Качан суук болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең 20-сентябрда жана 21-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-сентябрда күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

22-23-сентябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми а жана 21-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-сентябрда күндүз тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми Ысык-Көл облусунда 20-21-сентябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-сентябрда күндүз тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-сентябрда күндүз жана 24-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24 сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол шаарында 20-24-сентябрь күндөрү күн ачык болуп, жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

25-26-сентябрь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы мындан ары төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий