• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абанын температурасы качан жогорулайт? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу билдирүү таратты.

Эртең, 12-январда көпчүлүк аймактардакар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

13-14-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 13-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с.

16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ал эми 17-18-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий