• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Качкындар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам 2020-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты мыйзам жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине жана башпаанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына шайкеш келтирүү, ошондой эле башпаанек издеп келген чет өлкөлүк жарандардын расмий өтүнүчтөрүн каттоого байланыштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн укуктук негиздерди белгилөө болуп саналат.

Аталган мыйзамда чет өлкөлүк жарандарды каттоо функциясы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга таандык болгондугуна байланыштуу, башпанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоочу органдын аталышындагы “ички иштер органдарында” деген сөздөрдү “калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органында” деген сөздөргө алмаштыруу каралган.

Ошондой эле мыйзамда 4-берене 9-бөлүк менен толукталып, анда адамдарга качкын макамын берүү тууралуу өтүнүчтү каттоодон баш тартууга мүмкүн болгон учурлар үчүн негиздер белгиленген.

Алар:

— эгер адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаӊы жагдайлар жок болгон шартта;

— эгер адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;

— эгер адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Пикир

Оставить комментарий