• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү 4 млн сомду максатсыз колдонгон

Аймак 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Эсеп палатасы Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндөгү бюджеттик, өздүк жана башка каражаттардын туура колдонулгандыгын текшерүү багытында жүргүзүлгөн аудиттин негизинде, аталган мекеме 2016-жылы 4 млн сом максатсыз колдонгондугун аныктаган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жетпей калган жана уурдалган каражаттын көлөмү 2,7 млн сомду, максатсыз колдонулган каражаттын көлөмү 1,3 млн сомду түзгөн.

Туура баа берүү үчүн аудиттин материалдары тиешелүү мекемеге жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий