• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжай райондук милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-августта, Баткендин Кадамжай районунда "Өспүрүм" аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон 5 үй-бүлө аныкталып, социалдык камсыздоо бөлүмдөрүнө сунуштар жөнөтүлдү.

Кадамжай райондук милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан демилге көтөрүлүп, аз камсыз болгон 2 үй-бүлөнүн балдарына мектеп кийимдери, окуу куралдары алып берилди.

Пикир

Оставить комментарий