• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кадамжай райондук сотуна 4 судья ротацияланып келди

Аймак 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Баткенге болгон иш сапардын алкагында Кадамжай райондук сотунда болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төрага ротацияланган судьялар бара калып эле эмгек өргүүсүн сураган же болбосо бейтапканага жатып дарыланышым керек деген сыяктуу көптөгөн маселелерди жаратып жатышкандары да мага белгилүү болду. Жаңы барган жериндеги ишине судьялардын мындай мамиле кылышы туура эмес көрүнүш деп сыпаттады.

“Эмгек өргүүсүнө кеткиси келсе ошол барган жериндеги ишин иштеп баштап бир нукка салып коюп, андан кийин кетсин. Ар бир судья өзүнүн жумушуна күйбөсө анын ишине ким күйөт? Тиешелүү эмгек өргүүсүн алат, өргүү албайсың, андай болбойт деп жаткан эч ким жок.

Эмгекке жарамсыздыкка (больничныйга) кетүү боюнча да айрыкча белгилейм, ушул тапта судья ооруп калдым деп жатып албашы керек. Мындай көрүнүштөр токтотулушу керек жана мыйзамдарга ылайык бардык судьялар иштерди сапаттуу жана өз убагында кароого милдеттүү экенин белгилейм. Соттордо судьялар тарабынан каралып жаткан ар бир иштин артында адамдардын, жарандарыбыздын, салык төлөөчүлөрдүн тагдыры турганын эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек”, - деп баса белгиледи төрага.

Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев аталган сотко Нарын, Жалал-Абад, Бишкек шаарларынан 4 судья ротацияланып келгендигин, алар турак-жай менен камсыз болуп, учурда иштерди карап баштагандыгын айтты. Ошондой эле сотто 22 аппарат кызматкери эмгектене тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий