• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кадамжай району селден 108 млн сом зыян тартты

Аймак 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, КР ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов Кадамжай районунда 11-июлда жүргөн селден кийинки абалды көрүп чыгышты. Сел кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымат берген КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, 150куб өлчөмдө келген катуу селден кум шагылга толгон Охна сел өтүүчү сайын тез арада тазалоо зарыл экенин билдирди.

Жергиликтүү эл менен жолугушуп, алардын суроо талаптарын уккан ӨКМнин министри К.Боронов менен ЖКнин депутаты М.Мадеминов, аймакка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун атайын тапшырмасы менен келгенин жана мына ушул, узундугу 7,5 км болгон сел өтүүчү Охна сайын баштапкы нугуна келтируу боюнча чыгымдары эсептелген соң, тийиштүү каражат бөлүнүп, жумуш башталаарын айтышты. Бул ирет келген селден Кадамжай району 108 млн сомго жакын зыянга учураган. Сел бир турак үйдү толугу менен алып кетип, 36 үйдүн короолоруна, 4 үйдүн жер төлөөсүнө кирген. Электр мамылары, көпүрөлөр, ички чарбалык арыктар, жолдор зыянга учурап, таза суу, сугат суу түтүктөрү да жараксыз абалга келген. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Белгилей кетсек, сел жүргөн күндүн эртеси Кадамжай райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан сел кесепеттерин жоюу жумуштары ыкчам жүрүп, жолдор тазаланып, элге электр жарыгы берилген.

Пикир

Оставить комментарий