• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кадамжай районунда 4,5 миң кг жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Кадамжай районунда МАК-2021 иш-чарасы уланууда, - деп маалымдайт Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милициясынын Ж. Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактарындагы айылдарды кыдырып, жапайы өскөн кара куурайларды өрттөп жок кылышкан.

"Жергиликтүү айыл аймактардагы өкүлдөр менен иштөө тобу түзүлүп, ар бир аймактар кылдат текшерилип жатат. Жалпысынан бул аймактан болжол менен 4 миң 500 кг жапайы өскөн кара куурай жок кылынды", - деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий