• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжай районунда газ ташып бараткан унаа оодарылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 101-чакырымында "Ренаулт" үлгүсүндөгү газ ташып бараткан оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

ӨКМден кабарлашкандай, унаанын ичинде 19 тонна газ болгон.

Окуя кечээ, 26-июнда болжол менен саат 16:33төр чамасында катталган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып, атайын техниканын жардамы менен унааны тургузуп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий