• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кадамжай району боюнча жалпы 6 турак үйдүн ичи, 217 турак үйдүн жер тилкелери, 10 контейнер, 34,5 чакырым ички чарбалык унаа жол, 26,3 чакырым ички чарбалык арыктар сел сууларынан тазаланып, 335 метр латоккалыбына келтирилди. Авариялык абалга келген 2 турак үйдүн жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлгөн. Ал эми сел суулары каптаган 54,2 га үлүш жерлери кайрадан айдалып эгин (шалы) эгилет.

Эскерте кетсек, 15-июнда катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак, Совет айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы район боюнча 2 турак үй жана 1 мончо жараксыз абалга келген. 8 турак үйдүн ичине, 263 турак үйдүн жер тилкелерине, 10 контейнерге, 54,2 га үлүш жерлерине сел суулары кирип, 44,1 чакырым ички чарбалык унаа жол, 34,1 чакырым ички чарбалык арыктар, 335 метр латок, 4 даана электр мамычасы селден жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий