• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжай районунда улуттук ат майданынын курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 8-майда Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндөгү улуттук ат майданынын курулушун баштоо үчүн капсула салды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле ат майдандын курулушуна колдоо көрсөтүшкөн маркум У. Эркинбаеванын жакындары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүүлөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы соңку учурда улуттук ат оюндарына анын ичинде көк бөрүгө кызыккандардын саны көбөйүп, жада калса чет элдиктердин да кызыгуусу артып жаткандыгын айтты. Аны менен бирге облус башчысы президент да спорт тармагына, анын ичинде өзгөчө дал ушул улуттук оюндарды өнүктүрүп, зарыл шарттарды түзүү жагын колдорун кошучалап кетти.

"Бабалардан калган улуттук ат оюндарын даңазалоо керектигин баса белгилеп, чындыгында эл сүйгөн, эл баалаган улуттук оюндарды көрүүгө шарт түзүлүшү керек. Буга чейин Баткен облусунда аталган оюндарды өткөрүү үчүн бизде талапка жооп бере турган ат майданы жок болгон. Бүгүн мына Кадамжай районунун Халмион айылында облуста спорттун улуттук түрлөрүн кайра жандандыруу жана өнүктүрүү менен зарыл шарттарды түзүү максатында Дене тарбия жана спорт департаментинин демилгеси менен ипподромдун курулушу башталып жатат", - деди облус башчысы өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий