• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжай районунда жаңы балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кадамжай районунда жаңы балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Аталган бала бакча 50 орунга ылайыкташкан, ал Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылында ачылган.

Жалпы сметалык баасы 17 млн. 149 миң сомду түзгөн “Күн бала-Таш Дөбө” деп аталган балдар бакчасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп, бардык заман талап кылган шарттар түзүлгөн.

Ал эми балдар бакчасына таза жеткирүү үчүн Халмион айыл өкмөтү 16 5000 сом каражат бөлгөн. Ошондой эле балдар бакчасынын ички керектөөлөрүн толуктоо

үчүн ата энелер 282500 сомдук жардам көрсөтүшкөн болсо, айылдын демөөрчүлөрү 20 миң сомдук салым кошушкан.

Учурда бул жерде 11 адам жумуш менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий