• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжай районунда жаңы ФАП пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Умай-Эне айылында жаңы ФАП ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ФАПтын курулушун “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду каржылоого алып, 28 миң АКШ доллары жумшалган. Курулушка жергиликтүу бийлик 50 миң сом, айыл тургундары 50 миң сом салым кошушкан.

Бул күнү аталган айыл аймакта, асфальт төшөлгөн бир чакырым жол да пайдаланууга берилди. Жолдун курулушуна республикалык бюджеттен 5 млн 300 сом каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий