• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кадамжай районунун элине суу жеткирүү үчүн тоо ичине туннель казылууда

Аймак 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Кадамжай районунун Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылынын элине таза суу жана сугат суу жеткирүү максатында курулуп жаткан Молдо-Нияз каналынын курулушунан КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кабар алды.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкүлдүн маалыматында каналдын курулушуна 164 млн сом каражат каралган болсо, учурда анын 60 млн сому каржыланган. Натыйжада Ак-Суу дарыясынан суу алып өтүү үчүн, тоо ичине туннель казылууда.

Курулушчу Курманбек Нажимидин уулунун айтымында, тунелдин жалпы узундугу 538 метр. Учурда анын 150 метри казылып бүттү. “30 киши тынымсыз иштеп жатабыз. Туннелдин бийиктиги 2,80 метр, туурасы 2,60 метрди түзөт. Алдыда туннелди бетондоо жана Ак-Суу дарыясынан туннелге чейинки аралык менен туннелден айылга чейинки аралыкка канал куруу жумуштары жүрөт”,- деп кошумчалады ал.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун айтымында, Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылдарынын элине суу жетпей, жергиликтүү калк жер астындагы сууну насос аркылуу тартып чыгарып, пайдаланып келишкен.

Белгилей кетсек, канал ишке берилсе, 670 кожолук, ичүүчү суу менен камсыз болуп, жалпы 1200 гектар жерге сугат суу жеткирилет. Бул уникалдуу курулушту 2018-жылдын май айына бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий