• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжай районунун жашоочулары медиктерге жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул кыямдар азыркы кырдаалда изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат.

“Дарыгерлер тартып жаткан түйшүктү көрүп, Кадамжай районунун тургандары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медкызматкерлерине берели дегенбиз. Анткени, малинада витамин көп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет”, - деп билдирди “Кадамжай” жардам штабынын координатору Айтмат Азамжан уулу.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы дарыгерлерге дагы кыям жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий