• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжай районунунда сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүргөн,-деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда болжол менен саат 15:30 чамасында Бүргөндү жана Кызыл-Коргон айылдарында нөшөрлөп жааган жаандан улам, коктулардан келген суулар турак жайлардын жер тилкелерин каптаган. Жерине саат 16:00дө КР ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тактоо иштерин жүргүзүүгө тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий