• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжай шаарында 45 батирлүү үй пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Кадамжай шаарында 45 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 2011-жылы жер титирөөдөн улам Кадамжай шаарында алты көп кабаттуу турак үй авариялык абалга келген. Мындан улам ошол эле жылы жашоочуларды турак жай менен камсыздоо үчүн 45 батирлүү 5 кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

"Курулушу аяктаган турак үй бүгүн, 31-декабрда пайдаланууга берилди. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров үй ээлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Ошондой эле турак үйдүн алдына балдар ойноочу аянт куруу үчүн резервдик фондунан каражат бөлүп берди", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Батирлер жарандарга 15 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя катары берилген. Турак үйдүн жалпы сметалык баасы 93 млн сомду түзгөн. Анын 75 млн сому бюджеттик насыя болгон.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, шаардык мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен үч батирди социалдык жактан аз камсыз болгон 3 үй-бүлөгө акысыз берген.

Пикир

Оставить комментарий