• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжай шаарында борбордук көчөлөргө 2000 түп гүл отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Баткен облусунун аймагында “Таза жашоо” ураанынын астында жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көрктөндүрүүнүн, санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү боюнча буйругунун алкагында Кадамжай шаарынын борбордук көчөлөрүнө 2000 түп гүл көчөттөрү отургузулду.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, алдыда Кадамжай районунун 80 жылдыгына карата отургузулуучу гүл көчөттөрдүн санын 10 миңге жеткирүү пландалган. Ошондой эле бүгүнкү күнгө шаар көчөлөрүнө 300 түп арча көчөттөрү отургузулду.

Белгилей кетсек, бул сыяктуу көрктөндүрүү, жашылдандыруу жумуштары райондун бардык аймактарында жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий