• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кадамжай шаарындагы жаңы оорукананын курулушу үчүн Өзбекстандан модулдук курулмалар келди

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай шаарында салына турган жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу үчүн Өзбекстандан Кызыл-Кыя шаарына модулдук курулмалар келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Модулдук курулмалар өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилген.

Эртең, 19-ноябрь күнү Бишкекте салына турган 200 орундуу экинчи жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу үчүн Өзбекстандан Кыргызстанга модулдук курулмалар келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Өзбекстан Кыргызстанга Бишкек жана Кадамжай шаарларында тез курулуучу 200 орундуу эки оорукана куруп берет.

Пикир

Оставить комментарий