• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кадамжай жана Кызыл-Кыя жолдорундагы кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн эл аралык жолдордогу кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков жана Штабдын башчысы Өткүр Умаров президент Садыр Жапаровдун жол коопсуздугун камсыздоо боюнча койгон тапшырмаларын жана ИИМдин коллегиясында Улан Ниязбековдун талаптарын аткаруу максатында Баткен облусунун Кадамжай районунун айылдарына жана Кызыл-Кыя шаарына барды.

Алар райондун акими Алмаз Рахманкулов, айыл башчылары, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Учкун Маткалыков менен жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык билим берүү, жол тейлөө мекемелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары жана айыл тургундары менен жеринде жолугушуп, аймактар аркылуу өтүүчү эл аралык жолдордогу унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Аймактагы жетишпеген жол белгилерин орнотуу, жол чийиндерин чийүү жана жаңыртуу, жол чырактарын көбөйтүү, профилактикалык иш-чараларды күчөтүү менен жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан мындай иш-чара мындан ары түштүк аймактагы бардык облустарында жүрүшү максатталууда.

Пикир

Оставить комментарий