• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда 10 млн сомдон ашуун суммадагы мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан 10 млн сомдон ашуун суммадагы мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы 2,3 га жер тилке жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктөрү менен жалпы баасы 10 млн 258 миң 715 сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Текшерүүдө аныкталгандай, 99,98% акциясы мамлекеттин менчигинде болгон “Айдаркен сымап” акционердик коомунун 2,3 га жер тилкеси Айдаркен поселкалык өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-декабрындагы мыйзамсыз токтому аркылуу жеке менчикке өтүп кеткен. 2004-жылдын 12-мартында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган. Райондук прокуратура жогорудагы токтом жана мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз келтирилген.

Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында бардык соттук инстанциялар тарабынан жер тилкени жеке менчикке ажыратып берүү жөнүндөгү укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтер жараксыз деп табылган.

Райондук прокуратуранын кайтарылган мүлктү мамлекеттин балансына алуу чараларын көрүү жөнүндө келтирген прокурордук актысынын негизинде 2021-жылдын 25-февралында кыймылсыз мүлктөр кайрадан «Айдаркен Сымап» акционердик коомунун менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий