• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип дагы бир жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип төртүнчү жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган өспүрүм бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Эскерте кетсек, Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип үч жигит кармалган.

Пикир

Оставить комментарий