• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжайда 17 жаштагы жаран дарыяга чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына бир адам чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 4-июлда болжол менен саат 17:29да Масалиев айыл аймагындагы дарыяга 2001-жылкы С.А., аттуу жаран чөккөн.

Издөө иштерине ӨКМдин 6 куткаруучусу, ИИМдин 6 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

“Түнкү саат 22:50дө сууга чөккөн маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий