• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кадамжайда 700 кожолукту тейлей турган заманбап ФАП ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кадамжай районунун Таш-Коргон айлында заманбап Фаптын ачылышы болду. Бул тууралуу Кадамжай райондук администрациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы ачылган ФАП 700 кожолуктагы үч миңден ашык адамды медициналык жактан тейлейт.

Имараттын ачылуу аземине Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Б.Коргонбаев катышып, жергиликтүү элди жакшы саамалык менен куттуктап, ошону менен эле биргеликте айлана чөйрөсүн иретке келтирип, имараттын ичине керек болгон эмеректерди жана жабдыктарды алуу боюнча тапшырма берди.

Жогорудагы имараттын курулуусуна смета боюнча 8 млн сомдук долбоор “Катар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте иш жүзүнө ашырылды. Бул сумманын ичинен 1,5 млн сому айыл өкмөттүн эсебинен которулган.

Пикир

Оставить комментарий