• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кадамжайда 80 миң сом жана миң доллар уурдаганга шектелип 28 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кадамжай районунда уурулуктун бети ачылды, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айынын ортосунда Кадамжай районуна караштуу Марказ айылынын 44 жаштагы тургунунун үйүнө белгисиз кишилер кирип, бөлмөнүн ичиндеги 80 миң сом жана 1 миң АКШ долларын уурдап, кылмыш катталган жерден из жашырып кетишкен.

Бул факты Кадамжай РИИБнин Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адам аныкталган. Ал Кадамжай районунун 28 жаштагы И.К. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, уурдалган акчалар өз ээсине кайтарылып берилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий