• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда 83 жылдан соң ИИБнин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты салынууда

Аймак 0

Ош, 13.11.18. / Кабар/. Кадамжай районунда ички иштер башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн жаңы имараты салынып жатат. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, райондук бөлүмдүн эски имараты 1935-жылы тургузулган. Учурда анын эскилиги жеткен. Ага байланыштуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында жаңы имараттын курулушу башталган.

Баткен облусунун ИИБнин башчысы Аскарбек Ашыралиев курулуш иштери менен таанышып, эски имаратта отурган кызматкерлерди жылуулук менен камсыз кылууну тапшырган.

Ошондой эле А.Ашыралиев Кадамжай РИИБнин кызматкерлери менен жолугуп, аларды тартип сактап, калктын коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттыруу үчүн жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта болуусуна үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий