• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжайда айыл чарба жерлери үй курууга берилип кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кадамжайда айыл чарба багытындагы жер тилкелери турак жай курууга мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган факты боюнча УКМК жана Баткен облусунун прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык тергөө тобу сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

"Учурда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Боз жана Камбар-Абад айылдарынын тургундарынын жер тилкелери текшерилүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу дагы кошумча маалыматтар берилет", - деп айтылат маалыматта.

УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө жол берилбестигин, бул үчүн Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарында жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий