• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайда 9,3 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен 9 млн 349 миң 450 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облусундагы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан 19 миң 580 чарчы метр жер тилкесин (спорт аянтчасы) дыйкан чарбага берүү боюнча 2017-жылдын 14-июнунда Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган.

Ошондой эле Кадамжай кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган дыйкан чарбага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арызы толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий