• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда белгисиз адамдар бир жаранды уурдап кетип, андан 950 миң сом талап кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Кадамжай районунда (Баткен облусу) белгисиз адамдар Үч-Коргон айылынын тургунун уурдап кетип, андан 950 миң сом талап кылышкан. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, Үч-Коргон айылынын тургунуна белгисиз адамдар телефон чалып, жолугууга келүүгө чакырган. Ал чакырылган жерге барганда, белгисиз адамдар аны “Toyota Camry” унаасына күч менен отургузуп, талаага алып кетишкен. Ал жактан аны сабап, ири өлчөмдө акча талап кылышкан. Болбосо өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жыйынтыгында бул ишке шектүү катары Чүй облусунун 34 жаштагы тургуну, Үч-Коргон айылынын (Кадамжай району) 44 жаштагы жана Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы тургундары кармалышкан.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий