• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда бир үй-бүлө кырсыкка кабылып, айдоочу энеси менен каза болду

Кырсык 0

Ош, 01.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Баткен облусунун ИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 29-ноябрда саат 23:45 чамасында Ош-Исфана жолунун 87-чакырымында катталган. Хасанобод көчөсүндө «Дэу Нубира» унаасынын айдоочусу рулду башка албай калып, тосмону андан соң дүкөндү барып сүзгөн. Унаанын ичинде алты жүргүнчү болгон: 33 жаштагы М.Т., аттуу айдоочу, 67 жаштагы айдоочунун энеси М.Ж., 30 жаштагы айдоочунун жубайы М.Б., 3 жаштагы кызы Т.А., эки тууганы 76 жаштагы А.С., жана 56 жаштагы С.А.

Кырсык болгон жерде үч адам каза болгон: айдоочу, энеси жана 56 жаштагы тай эжеси. Үч жүргүнчү ар кандай жаракат менен Кызыл-Кыя аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий