• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Бекмырза Баймурзаев аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.21. /Кабар/. Кадамжайда дайынсыз болуп изделип жаткан 13 жаштагы Бекмырза Баймурзаев аман-эсен табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган Баймурзаев Бекмырза Кылычбекович 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 13.30дар чамасында “Куран окуу борборунан” чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Кадамжай РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Бекмырза кечээ, 23-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий