• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай шаарынын тургуну 2000-жылы туулган Д. уулу Ө. аттуу эркек бала үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

7-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин ӨКМнин куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү учурунда жогоруда аталган жарандын сөөгү Кадамжай шаарынын четинен агып өткөн Нургазиев каналынан милиция кызматкерлери тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий