• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайда дайынсыз жоголгон 23 жаштагы келин изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 23 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2-мартта саат 08:00дөр чамасында 23 жаштагы Яхияева Гүласалхон Исомидин кызы Учкун айылындагы жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, бети тегерек, ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы күрөң түстө, узундугу болжол менен 15-20 см, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, кара түстөгү жинсы шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.

"Сүрөттөгү келинди таанып-билгендер болсо 102, 03655 5-02-29; 0704 276 416 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий