• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда дарылык касиети бар ичүүчү суу чыгарган чакан ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Абсамат Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында табигый тоо булак суусун чыгарган чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20 кишини жумуш орду менен камсыздаган бул ишкананы ачуу үчүн “Улар-Аква” ЖЧК 5 млн сомго жакын каражат жумшаган. Керектүү жабдуулардын баарын Кытай мамлекетинен алып келишкен. “Бант” деп аталган суу Кароол айылынын жайлоосундагы Улуу тарыхка ээ болгон булактан алынып келинет. Учурда саатына 1000 литр суу кайра иштетилүүдө. Чыгарылган продукция облустун аймагында сатылууда.

Ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алган КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев бул демилгени колго алып, ишке ашырган жеке ишкер Шерали Маматалиевге ыраазычылыгын билдирип, келечекте ишкананы кеңейтүүгө колдоо көргөзөөрүн билдирди. Ошондой эле жергиликтүү сырьену кайра иштетүүнүн артыкчылыгын белгиледи.

Адистер бул эң жогорку сапаттагы, газдалбаган булак суусу, кант диабети, ичеги карын, бөйрөк ооруларын айыктыруучу дарылык касиетке ээ жана жаңы төрөлгөн ымыркай балдарга, диеталык тамактануу үчүн колдонууда пайдалуу экендигин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий