• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда эки жаран куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунун 25 жаштагы М.Б. жана 30 жаштагы Т.А. аттуу тургундарынын эки даана сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүшкөндүгү аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Соттук-баллистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган ок атуучу куралдар 16 калибрлүү жана атууга жарактуу экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбей турганын эскертет. Өз эрки менен куралды тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Пикир

Оставить комментарий