• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кадамжайда ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү жерге берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чечме айылындагы "Чечме" бекетинде катталган ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө караганда, маркумдар менен коштошуу зыйнатына облустук, райондук жетекчилер катышты.

"Облус жетекчилери кырсыктан каза болгондордун жакындарына президент Садыр Жапаровдун жана облус элинин атынан көңүл айтышты. Ошондой эле аталган кырсыктан жабыркаган жарандардан да кабар алышып, алардын сакайып кетүүсүн каалашты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 21-майында саат 15:50 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы (трал) "Чечме унаа жолу" өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктан 8 киши каза болуп, 11 адам денесинен ар кандай жараат алып, жергиликтүү ооруканага кайрылышкан, алардын бирөө өзбекстандык.

Пикир

Оставить комментарий