• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжайда аткезчилик жолу менен Өзбекстанга жүк алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Исмайрам жерлигинде кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын Б.Э. аттуу жаранынын башкаруусундагы Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унааны токтоткон.

Унааны текшерүү учурунда эч кандай тиешелүү иш-кагаздары жок күнүмдүк керектелүүчү 5 боо ар кандай кийим-кечелерди аныкташкан. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандан Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жүктүн жалпы суммасы 300 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң, кармалган айдоочу жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий