• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжайда курал сактаган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда курал сактаган адам кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Арсенал" операциясынын жүрүшүндө Үч-Коргон айыл аймагынын 58 жаштагы Б.Ж. аттуу тургунунан калибри 16 мм болгон, кош стволдуу сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынды.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алынган куралга тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий