• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжайда кыздын өлүмү. Муфтият мечиттерде зордук-зомбулукка каршы баяндама өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттерде зордук-зомбулукка каршы баяндамаларды өткөрөт.

Муфтияттан билдиришкендей, өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы.

КМДБ Аль-Бакара (156) сүрөөсүн келтирет, анда мындай деп айтылат: “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз”

Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгынын эмгек жамааты Кадамжайда өлтүрүлгөн кыздын ата-энесине жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскерте кетсек, Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип аталган райондун үч тургуну кармалган.

Пикир

Оставить комментарий