• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда "Лидер” иш-чарасынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кадамжайда Лидер” иш-чарасынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Лидер” иш-чарасы район аймагында 3 күн жүрүп, жыйынтыгында саат 22.00дөн кийин ата-энесинин коштоосуз жалгыз түнү көчөдө максатсыз жүргөн 7 бала, 2 мектеп окуучусунун тамеки тарткандыгы аныкталып, аларга КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулду. Ошондой эле мурда катталган 2 уурулуктун бети ачылды.

Иш-чаранын алкагында 2022-жылдын 8-февралынан бери дайынсыз болуп жаткан Көтөрмө айыл аймагынын тургуну 13 жаштагы А.И. 10-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, Кадамжай районунун аймагында балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери мектеп рэкетчилигин болтурбоо, окуучулар арасында лидерлерди аныктоо максатында профилактикалык иштерди, жаштарды сергек жашоого үндөө боюнча спорттук ар кандай оюндарды уюштурду.

Район аймагында жайгашкан жалпы 84 билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан жаш өспүрүмдөргө кылмыштуулуктун алдын алуу, бангизаттарын колдонбоо, укук бузууларга жол бербөө багытында ар кандай тема, лекцияларды окушуп, окуучулар менен баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий