• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кадамжайда магистралдык каналдын курулушу үчүн тоо тектер жардырылды - видео

Өкмөт 0


Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай шаарындагы Алгакадам участкасында магистралдык каналдын курулушунун башталышы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, каналдын жолун өткөрүү үчүн тоо тектери жардырылды.

Каналдын курулушу 4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Ал эми долбоордун болжолдуу наркы 634,2 млн сомду түзөт.

Облус активинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров мамлекет башчынын саламын айтып, калк үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, өткөн жылдан тарта жалпы республика боюнча ирригациялык тутумду жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө, бул максатка 1 млрд сом бөлүнгөн.

«Сиздер чоң жана уникалдуу долбоорду баштап, жарандык демилгеңиздерди көрсөтүп, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп жатасыздар. Албетте, Министрлер Кабинети мындай долбоорлорду колдоого даяр. Биз республика боюнча 30 чакан ГЭС курууну пландап жатабыз. Суу ресурстарын жана күн энергиясын натыйжалуу пайдаланып, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын киргизебиз. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштайбыз», - деди Акылбек Жапаров, ошондой эле Кумтөр кенинин ийгиликтүү иштеп жаткандыгы жана мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо жана маданият кызматкерлеринин эмгек маянасы бир топ жогорулагандыгы тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу жарым-жартылай «Алгакадам» коомдук бирикменин каражаттарынан, жарым-жартылай республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Иш-чарага КР президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кадамжай районунун Пүлгөн айылындагы магистралдык каналды да көрүп чыкты.

Узундугу 2450 метр келген магистралдык канал 400 гектардан ашык жерди жана малина өстүргөн дыйкандарды суу менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий