• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кадамжайда магистралдык каналдын курулушунун 1-этабы аяктады

Аймак 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Кадамжайда президенттин кеңешчиси менен магистралдык каналдын курулушунун 1-этабынын аякташын белгилешти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айынын башында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен курулуш башталган. Каналдын трассасынан өтүү үчүн тоо тектери жарылган.

"Мына эми Алга кадам каналын куруунун 1-этабы аяктап жатат. Ирригациялык объекттин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Каналдын курулушу 4200 га жерди сугат суусу менен камсыз кылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Долбоордун болжолдуу наркы 634,2 млн сомду түзөт.

"Андан кийин каржылоо коомдук бирикменин каражаттарынан жана жарым - жартылай республикалык бюджеттен каржыланары маалымдалды", - деп кошумчалашты министрликтин басма өз кызматынан.

Курулуштун биринчи этабы аяктагандыгына байланыштуу КР президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин жана жергиликтүү бийлик органдарынын кол башчысынын катышуусунда курулуш техникасынын парады, ошондой эле жаа атуу боюнча мелдеш болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий