• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда массалык уулануу катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.22 /Кабар/. Кадамжайда тойканада массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган (4 аял жана 2 бала). Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн.

Белгиленгендей, алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

"Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий