• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кадамжайда укук бузууларга жол бербөө боюнча мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймагындагы орто мектептердин окуучуларына милиция кызматкерлери диний экстремизмдин алдын алуу жана окуучулар арасындагы укук бузууларга жол бербөө максатында райондун имам хатибтери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп окуучулары тарабынан жыйындын катышуучуларына суроолор берилип, канааттандырарлык жоопторду алышты.

Бул айыл аймакта жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыш, жоруктар катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий