• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кадамжайда окуучуларга зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги демилге көтөрүп, айыл аксакалдар, мектеп мугалимдер жана ушул маселеге тийиштүү мекеме-ишкананын өкүлдөрү менен Көтөрмө айыл аймагындагы Молдо Нияз орто мектебинин окуучуларына зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча сабактар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сабактардын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө карата колдонулган зордук-зомбулуктар, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мектеп окуучулары тарабынан алгылыктуу суроолор берилип, канааттандырарлык жооптор алынды.

Ушундай эле иш-чаралар район аймагындагы башка аймактардагы мектептерде да жүргүзүлүп жатат.

Белгиленгендей, 2021-жылдын 11ай ичинде райондун аймагында жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун 1 фактысы катталып, соттук кароого жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий