• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кадамжайда милициянын демилгеси менен окуучулар арасында спорттук иш-чаралар уюштурулууда

Аймак 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кадамжай РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен спорттук иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул ирет район борборунан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Совет айыл аймагынын Кан айылында жаш өспүрүмдөр арасында спорттун волейбол, футбол түрү ойнотулду.

Оюнга Кыргыз-Кыштак айылынын Мыйман Миталипов атындагы толук эмес мектеби, №72 Кесиптик лицейинин, Кан атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын мектеп окуучуларынын ортосундагы спорттук оюндар кызуу өткөрүлүп, көрүүчүлөр кол чаап коштоп турду.

Футбол боюнча I орунга №72 Кесиптик лицей, II орунга Т. Тургунов атындагы орто мектеби, III орунга Кан атындагы орто мектеби орто мектеби, ал эми IV орунга М.Миталипов атындагы толук эмес мектебинин окуучулары жетишсе, кыздар арасындагы волейбол оюну боюнча I орунду Т. Тургунов атындагы орто мектеби, II орун Кан атындагы орто мектеби, III орунду №72 Кесиптик лицейинин окуучулары камсыз кылды.

Иш-чаранын максаты эки айыл ортосундагы жаш өспүрүмдөрдүн достук-ынтымактыгын бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, суицид, укук бузууларга бөгөт коюу.

Кадамжай РИИБнин Ж. Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери мындай саамалыкты жыл сайын уюштуруп, жаш өспүрүмдөр арасындагы профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп тургандыктан 2021-жылдын 2 ай аралыгында жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулук катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий