• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы эл менен жолугууда

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Милициянын көчмө кабылдамасы Кадамжай районунун Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактарын жана Кадамжай шаарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жолугушуу учурунда үй-бүлөлүк чыр-чатактарды, мал уурулуктардын алдын алуу, айыл ичиндеги уурулуктарды болтурбоо боюнча элдин пикирин угушту.

Ошондой эле бир катар мектептердин окуучулары менен жолугуп, кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул ирет жергиликтүү тургундар тарабынан эки оозеки түрүндө сунуштар кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий