• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кадамжайда мыйзамсыз берилген 5,96 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Кадамжайда 13 млн 467 миң 500 сомго бааланган 5,96 га жер тилкеси А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокутуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер мыйзамдарын одоно түрдө бузуу менен 2019-2020-жылдар аралыгында 40 токтом кабыл алып, алардын негизинде муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкен.

Кадамжай райондук прокуратура тарабынан бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулуп, учурда Кадамжай райондук сотунун кароосунда турат.

Ошондой эле жогоруда аталган жалпы 5,96 га жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокурордук талап келтирилип, анын негизинде А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынды.

Пикир

Оставить комментарий